"Элдик видео" бөлүмүнө "Нокаутка жыгылган мушкер калысты муунтту" деген видео жүктөлдү (ник: Ardak777).
Видеодо спортчунун калысты муунтууга аракет кылып жатканын көрүүгө болот. Кечээ, 23-мартта чет элдик басылмалардын билдиргенине караганда, окуя АКШнын Мичиган штатында өткөн "KnockOut Promotions" турниринде болгон. Спортчу Райс Бринк өзүнүн атаандашы Жо Нэмди нокаутка кетирген соӊ оюн токтотулган. Жо Нэм катуу тийген соккулардан улам өзүн жоготуп койгон. Бирок күчүн сактаган ал калысты атаандашым деп ойлоп, аны муунтуп кирген.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.