ЖЫЛНААМА, 24-МАРТ: Белгилүү украиналык ырчы Гайтана 38 жашка толду

Белгилүү украиналык ырчы, "Евровидение-2012" сынагына өз өлкөсүнүн атынан катышкан Гайтана 38 жашка чыкты. Ал 1979-жылы 24-мартта Украинанын Киев шаарында төрөлгөн.

"Гайтана" деген сөздү лингала тилинен (Конго Демократиялык Республикасында тараган тил) которгондо "күчтүү", "улуу" дегенди билдирет. Гайтананын атасы конголук болсо, апасы украин кызы болгон. Ырчы Украинада төрөлүп, бирок 5 жашка чейин Конгодо жашаган. 1985-жылы ата-энесинин ажырашып кеткенине байланыштуу болочок ырчы апасы менен Украинага келген.
"Эң мыкты" ("Самый лучший"), "Сагынам" ("Скучаю"), "Жакыным" ("Нет родней"), "Асман" ("Небо") аттуу ырлардын аткаруучусу Гайтана 12 жашында телевизиондук ыр сынагынан 3-орунду жеңип алгандан тарта чыгармачыл жашоого аралаша баштаган. Жергиликтүү "Альтана" деген ансамблдин жетекчиси кичинекей кыздын талантын баалап, өзүнүн тобуна кошуп алган. 2003-жылы орус тилиндеги алгачкы "Сен жөнүндө" ("О тебе") аттуу ыр жыйнагы жарык көргөндөн кийин Гайтана чыгармачыл дүйнөгө баш-оту менен киришкен. Ырларынын тексттери жана обондорунун дээрлик көпчүлүгү өзүнө таандык. Анын ыр жыйнактарында жалаң сүйүү, жашоо тууралуу ырлар орун албастан, жаш балдарга арналганы да жок эмес.
2012-жылы Бакуда өткөн эл аралык "Евровидение" сынагына Украинанын атынан катышкан. Ыр мыкты деңгээлде аткарылганына карабастан, калыстар тобу тарабынан ыры плагиат деп табылып, болгону 65 упай топтоп, 15-орунга араң илинген. Ошол мезгилден тарта ырчы 3 жыл радиого, телевидениеге, басылмаларга чыкпай калган. Бул убакыт аралыгында ал саякаттап, атасынын ден соолугунун начарлаганына байланыштуу аны колдоп жанында болгонун айткан. 2015-жылы ырчы сахнага кыска чачы менен кайтып келген.
Жеке жашоосу
Ырчы өзүнүн продюсери Эдуард Клим менен 10 жыл жарандык никеде жашаган. Экөөнүн мамилеси токтогондон бери Гайтана журналисттерге жеке жашоосу тууралуу маалымат бербей калган. 2016-жылдын күз айында өткөн иш-чаралардын бирине ал жаңы сүйүктүүсү менен келгени маалым болгон. Ал эми ырчынын жакында өткөн концертине барган маалымат каражаттарынын өкүлдөрү Гайтананын кош бойлуу экендигин айтып, биринчи баласын күтүп жатканын жазышкан.
24-мартка карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
abusait
2017-03-24 15:12:18
Жакшы ырчы. Азия микс да ырын алып ырдап журушот..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан