Бишкекте цирктин жанында болгон жол кырсыгынан 7 адам жабыркады

Бишкекте цирктин жанында болгон жол кырсыгынан 7 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы тууралуу маалымат саат 08:28 чамасында келип түшкөн. Ал жакка 3 бригада жөнөтүлгөн.

"Жабыркагандардын экөө эркек, бешөө аял киши. 1997-жылы туулган И.А. аттуу кыздын жана 1996-жылы туулган Э. кызы Кнын баш мээси чайкалып, Улуттук госпиталга жеткирилди. Ал эми калгандарына амбулатордук жардам көрсөтүлдү", - деп айтылат министрликтин маалыматында.

Айта кетсек, бүгүн эртең менен Жумабек жана Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталган. Анда Шопоков көчөсү менен катуу ылдамдыкта келе жаткан Тойота Ленд Крузер үлгүсүндөгү унаа Мерседес Спринтер үлгүсүндөгү маршруттук таксини капталга сүзгөн. Катуу соккудан улам маршруттук такси ичиндеги жүргүнчүлөрү менен чогуу оодарылып кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aytur
2017-03-24 18:28:29
Тиги маршрутда адатынча ойлонбой токтоп турса керек жа озу каалагандай эле бурула беришетго.
Бирок тиги унаа ланкрузер десе кайра ойлонуп калдым, машинасы чон кымбат болсо эле чинекей машиналарды кыса беретго кыжырга тийип.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан