"Титаник" тасмасы аркылуу дүйнөгө белгилүү болгон актриса Кейт Уинслет чыгармачылык жолунда бир нече жолу арыктап, кайра толгон. Бирок ал ар дайым дене түзүлүшү кандай экенине карабай өзүн жакшы сезерин айтып келет. Актриса 22-мартта өткөн "We Day UK" фестивалында күйөрмандарына кайрылып, адам өзүнө ишенип, сүйүшү керектигин, келбети үчүн уялбоону айтып, жаштарга дем берген сөз сүйлөгөн.
"Мени мектепте шылдыӊдашып, "май" деген лакап ат коюшкан. Актриса болгум келеримди билген классташтарым күлүп, мени шкафка камап коюшчу. Мен эч нерсеге карабай, ийгилик жылмаят деп ишенчүмүн. Андыктан мейли крокодил, карачкы (чучело) же каардуу периште, кыскасы, кандай роль болбосун ойноого даяр болчумун. Жадакалса бир күнү бийлеген бака да болгом", - деген Кейт.
1996-жылы Кейт айтылуу "Титаник" тасмасында Роуздун образын жаратуу үчүн роль алганда баары өзгөргөн. Бул роль аны бүткүл дүйнөгө белгилүү кылган.