Ысык-Ата районунда күйүүчү май ташыган унаа менен жеңил унаа сүзүшүп, эки адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта Чүй ОИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынан SUPER.KG порталына билдиришти.
Маалыматка караганда жол кырсыгы бүгүн саат 13:45 чамасында айланып өтүүчү жолдо болгон. Анда күйүүчү май ташыган унаа менен Мерседес үлгүсүндөгү жеңил унаа бетме-бет сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу жана ичиндеги бир жүргүнчү каза болуп, дагы эки адам ооруканага жеткирилген.
Азыркы тапта кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.