"Ашыктык асманында" тасмасында Бабинин ролун аткарып таанылган испаниялык актриса Мария Вальверде 30 жашка толду. Ал 1987-жылы 24-мартта Мадрид шаарындагы Карабанчель районунда чыгармачыл адамдардын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Үй-бүлөсүндөгү дээрлик бардык адамдардын искусство менен байланышы болгон. Алсак, атасы - сүрөтчү, апасы - кесиби боюнча скульптор, бирок мээрман айым болуп иштесе, чоң атасы театрдын директору болгон. Мария кичинесинен кино сүйүүчүсү болуп, өзүнүн сүйүктүү актрисаларын көргөн сайын алар сыяктуу таанымал болууну самаган. Анын кыялы 10 жашында аткарылып, спектаклде өзүнүн биринчи ролун жараткан.
Тасма талаасындагы карьерасы 2003-жылы башталып, эң алгач "Большевиктин алсыздыгы" тасмасында дебюттук ролун жараткан. Мария бул фильмде жараткан ролу үчүн 2004-жылы мыкты жаш актриса катарында "Гойя" сыйлыгына ээ болгон. Андан сырткары актриса "Денеден сырткары", "Варвик", "Мелисса: сырдаш күндөлүк", "Борджиа", "Тоо падышасы", "Кумдан адам", "Анархисттин жубайы" кинолорунда ар кандай образдарды жараткан. М.Вальверде 2010-жылы экрандарга чыккан "Ашыктык асманында" фильмине тартылгандан кийин бүт дүйнөгө таанылган.
Жеке жашоосу
"Ашыктык асманында" тасмасына тартылгандан кийин кинодо сүйүктүүсү Ачинин ролун жараткан актёр Марио Касас менен кыз-жигит катары сүйлөшө баштаган. 2014-жылы актриса Касас экөөнүн ортосундагы сүйүү мамилесинин токтогондугун жарыя кылып, бирок себептерин айткан эмес. Ошол мезгилден бери актриса коомчулукка жеке жашоосу тууралуу жаңылыктары менен бөлүшпөйт.
24-мартка карата жылнаама.