Мындан 45 жыл мурун, 1972-жылы 24-мартта АКШда дүйнөлүк кинематографиянын шедеврлеринин бири аталган "Өкүл ата" ("Крёстный отец") тасмасынын бет ачары болгон. Бул фильмди тартууга жалпысынан 6 миллион доллар сарпталса, прокаттан 268,5 миллион доллар чогулган. 3 номинация боюнча "Оскар" сыйлыгына арзып, андан башка 19дан ашуун ар кандай сыйлыктарга ээ болгон.
Фильмдин режиссёру - Фрэнсис Форд Коппола, сценарийин жазгандар - Марио Пьюзо жана Фрэнсис Форд Коппола болгон. Тасмада башкы ролдордо Аль Пачино, Марлон Брандо жана Жеймс Каан ойногон.
24-мартка карата жылнаама.