"Медиа-портал" бөлүмүндөгү патриоттук чыгармалардын бири болгон "Кыргызстан" аттуу ыр Турдакун Ниязалиевдин аткаруусунда жаӊырат. Ырчы клип тартуу кызыктуу жана кыйынчылыктарсыз болгонун айтат.
"Клиптин идеясы өзүмө таандык. Анда кыргыздын каада-салтын, улуттук оюндарын, кийимдерин, кооз жерлерин көрсөтүүгө аракет кылдык. Мээнетибиз текке кеткен жок деп ойлойм. Ат минип, ат үстүндө чоӊойгон бала болгондуктан тартуу учурунда кыйынчылык болгон жок. Жалпы үч күндө тартылып бүттү", - дейт ырчы.
Ошондой эле клипке көк бөрү боюнча таластык "Ынтымак" командасындагы 2015-жылы "Мыкты улакчы" аталган Сейитбек Анарбек уулунун Актилек деген аты тартылганын ырчы кошумчалай кетти.
Турдакун Ниязалиевдин "Кыргызстан" ырынын клибин бул жерден көрүӊүз.