Сузактагы Ак-Терек айылында болжол менен 25 000 метр куб жер көчкү түшүп, 5 турак үйгө коркунуч жаратты

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда кечээ, 24-мартта саат 14:10 чамасында Кызыл-Туу айыл аймагынын Ак-Терек айылында көлөмү болжол менен 25 000 метр куб жер көчкү түшкөн. Мындан улам 5 турак жайга коркунуч пайда болуп,150 метр аралыкта токтогон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн, 25-мартта кабарлады.

Андан сырткары саат 14:30 чамасында Алчалуу айылында көлөмү болжол менен 58 000 метр куб жер көчкү түшкөн. Жер көчкүнүн 1 үйгө жетүүсүнө 220 метр калган.

Маалыматка ылайык, жабыркагандар жок.

"Атайын комиссия түзүлүп, жеринде тактоо иштеринин натыйжасында, Ак-Терек айылында 5 турак үйгө коркунуч пайда болгондугуна байланыштуу жашоочуларын убактылуу башка коопсуз жерге көчүп чыгуусу боюнча эскертилген жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Алчалуу айылындагы кооптуу жерде калган 1 турак үйдүн ээсине башка жерге көчүүсү жөнүндө эскертилген. Үйдүн ээси тарабынан бүтө элек үйү бузулуп, курулуш материалдарын көчүрүп кетүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан