ЖЫЛНААМА, 25-МАРТ: Украиналык мушкер Владимир Кличко 41 жашка толду

Бокс сүйүүчүлөрү арасында Олимпиада чемпиону (1996), профессионалдар арасында WBC версиясы боюнча Дүйнөнүн чемпиондук курунун ээси, украиналык мушкер Владимир Кличко 41 жашка толду. Ал 1976-жылы 25-мартта Казакстандын Семипалатинск шаарында төрөлгөн.

Атасы Владимир Родионович аскер кызматкери, апасы Надежда Ульяновна мугалим болгон. Өзү дарыгер болом деген кыялына жетпей калган. Владимир бокс менен 1990-жылы машыгып баштаган. 2 жылдан соң агасы менен рингде беттешип, бутун сындырып алган. Аны жашыруу үчүн машыктыруучусу аларды Крымга машыгууларга алып кеткен.
"Атланта-1996" Олимпиадасына катышар алдында агасы Виталийге "допинг колдонду" деген айып тагылып, анын ордуна Украинанын желегин көтөрүп Владимир чыккан. Ал финалдык беттештин 3-раундунда 6 упай алып, чемпион болгон (жалпы эсеп - 7:4).
Белгилүү америкалык промоутер Дон Кинг Олимпиададан кийин Кличколорго жолугуп, профессионалдык келишим сунуштаган. Акчаны сүйгөн Дондон айырмаланган германиялык промоутер Клаус Питер-Коль жаш мушкердин талантына кызыгып, бокско алып келген.
2001-жылы Владимир дене тарбия жана спорт тармагында диссертациясын жактап, илимдин кандидаты болгон. 2014-жылы 26-апрелден 27-апрелге караган түнү WBA, IBF жана WBO версиялары боюнча Дүйнө чемпиону Владимир Кличко австралиялык Алекс Леапаини утуп, чемпиондук наамдарын сактап кала алган.
2015-жылдын ноябрь айында Владимир Кличко WBA Super, IBF, WBO жана IBO версиялары боюнча чемпиондук наамдарын коргоо үчүн рингге чыгып, британиялык мушкер Тайсон Фьюриге утулуп калган.

25-мартка карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bond02
2017-03-25 21:05:02
Туулган кун кут болсун, жагат да бир тууган Кличколор.
0
Adilet2014
2017-03-26 10:03:04
Анда мен да 25- март күнү 25 жашка толдум!®®
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан