"Береке" бий тобунун концертинде топтун негиздөөчүсү Айнура Кыдыралиева "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланды (фоторепортаж)

Бүгүн, 25-мартта Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда "Береке" бий тобунун концерти болуп өттү. Концертке аталган топтун бийчилери, алардын жакындары, ырчылар Алтынай Нарбаева, Курал Чокоев, Нияз Абдыразаков, Темир Дамирбеков, "Non-Stop" дуэти жана башкалар катышышты. Ошондой эле бул күнү "Береке" бий тобунун негиздөөчүсү, көркөм жетекчиси Айнура Кыдыралиева "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланды. Алган сыйлыгы, концертке болгон даярдыктары тууралуу ал буларды билдирди:

"Топтун түзүлгөнүнө 12 жыл, ал эми сахнада жүргөнүбүзгө 10 жыл болду. Бул убакыт аралыгында бир топ жаштарга бийдин түрлөрүн үйрөтүп чыгардым. Учурда 400дөй улан-кыздар топто тарбияланат. Концертке көп убакыт бою даярдандык. Албетте, ушунча адамдын башын бириктирип иштөө оңой эмес, кыйынчылыктары да болот. Ага карабай алдыга умтулуп, бий аркылуу элге жагымдуу, көтөрүңкү маанай тартуулап жатканды ойлогондо кубанасың. Бүгүнкү "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белги менен сыйланганыма толкундандым, кубандым. Бул нерсе дагы да болсо ийгиликтерди жаратууга түрткү берет", - дейт Кыдыралиева.

Концертте күйөрмандар жогоруда аталган топтун тарбиялануучуларынын түрдүү талантына күбө болду. Улуттук, заманбап, индия, өзбек жана башка элдин бийлерин чимириле бийлеген бийчилердин арасында кичинекей ырчылар да талантын тартуулашты. Ошондой эле Айнура Кыдыралиева топтогу мыкты бийлеген, өзгөчөлөнгөн окуучуларын атайын сыйлыктар менен сыйлады.

"Береке" бий тобунун концерти. 25.03.2017.
"Береке" бий тобунун концертиндеги көчмөн бийи. 25.03.2017.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
KgEka
2017-03-25 22:58:47
Тууй ата.
0
erkekizmin
2017-03-25 23:11:04
Жон койбоптур ушунусу ашыкча го эми..
0
asil-08
2017-03-26 01:28:57
Садыр жапаровдун баласын коруп журогум ооруп калды урбай эле коюшпаптыр, апасынын акыбалын элестетип жаман болдум урбай эле койгулачыыы сураныыч больницага чыгаргыла
0
asil-08
2017-03-26 01:30:29
Баарыбызда бала бар го ургандардын деле ургула деп приказ бергендердин деле оздорунун балдарын ордуна коюп корушсун урбагылааачыыы
+1
Volt18
2017-03-26 06:00:23
Сахнага чыгып жатып,сахнанын этикасын сакташса,базардагы соодагер кебетеленип кантет ай.
0
bond02
2017-03-26 07:38:11
Тош белги ала элек мен эле калган окшойм.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан