Бишкек шаарынын эн белгисинин автору Майрамкул Асаналиевдин Манас ааламына арналган сүрөт көргөзмөсүнөн фоторепортаж

25-мартта Бишкектеги "Устат" академиясында Бишкек шаарынын, Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун эн белгисинин автору, Кыргыз Республикасынын Жаштар сыйлыгынын лауреаты, "Эл Куту чебер" наамынын ээси, Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү Майрамкул Асаналиевдин Манас ааламына арналган сүрөт көргөзмөсү болуп өттү. Көргөзмөгө белгилүү режиссёр Болот Шамшиев, Жогорку Кеӊештин депутаты Садык-Шер Нияз, Кыргыз Эл сүрөтчүсү Юристанбек Шыгаев баштаган коомдук, маданий ишмерлер катышышты.

Көп кырдуу талант ээси Майрамкул Асаналиев Манас ааламына арналган сүрөт көргөзмөсү тууралуу мындай дейт:

"Бүгүн эмгектерим эл назарына коюлуп жатканына кубанычтамын. Бул жакшылыкты Кудай кут кылсын. Манас - бул чоӊ дүйнө, өзүнчө аалам. Бир жолу ушул эле сүрөттөрдү көрсөтүү үчүн Чыгыш Африкадагы Йоханнесбург шаарына барып калдым. Анан ошол жердеги окумуштуулардын, чыгармачыл инсандардын Манас ааламын тереӊ түшүнгөнү, биздин эл боюнча ою, пикири аябай жакшы болгону кубандырган. "Элиӊердин чоӊ касиети бар экен, силер кайып менен байланышкан турбайсыӊарбы" деп, сүрөттөрдүн майда элементтерине чейин кызыгып, суроо узатышкан эле".

Белгилей кетсек, Майрамкул Асаналиев 1965-жылы Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Бөкөнбаев айылында туулган. Бишкектеги Чуйков атындагы Сүрөт Академиясын бүтүргөн. 1998-жылы биринчи жолу жеке көргөзмөсүн жалпы калк кароосуна койгон.

Белгилей кетсек, көргөзмө 1-апрелге чейин уланат.

Майрамкул Асаналиевдин сүрөт көргөзмөсү болуп өттү. 25.03.2017.
Садык Шер-Нияз сүрөт көргөзмөсүндө. 25.03.2017.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dastanwanted
2017-03-27 12:04:55
Майрамкул Байке ишинизге ийгиликтерди каалайм. Кыргыз элинин сыймыктанган эл суротчусу болунуз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан