Өзгөндө жер көчкү үйдү басып калды

Бүгүн, 26-март күнү саат 07:00 чамасында Ош облусунун Өзгөн районундагы Зергер айыл аймагында Ничке-Суу айылынын Топ-Жаңгак участкасында жер көчкү 1 үйдү басып калды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя болгон жерге Жарандык коргонуу комиссиясы, куткаруучулар, "Тез жардам" кызматы, милиция кызматкерлери чыгып кетти. Ошондой эле ӨКМнын Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын куткаруучулары жана ӨКМнын Ош облустук башкармалыгынын ыкчам тобу кырсык болгон жерге чыгып кетишти.

Мекеме жакын арада кошумча маалымат берерин убадалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
kechirmeni
2017-03-26 10:05:42
Аманчылык эле болсо экен. Жабыркагандар жок бекен. Кудайым баарыбызды бөөдө кырсыктан сактасын!!!
+4
mikoo
2017-03-26 10:09:40
Жаман болуптур да.
+2
Edik_86
2017-03-26 10:23:09
элдер дагы уй саларда селдин жер кочкунун алдын алып кооп сузурак жерге салышса мындай кырсык болмок эмес . бул уйбуло дагы байкаштырып жургондур алдын ала мурдантан сак болуп деген дей неси болсода аман болушсун
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан