Бүгүн, 26-март күнү саат 07:00 чамасында Ош облусунун Өзгөн районундагы Зергер айыл аймагында Ничке-Суу айылынын Топ-Жаңгак участкасында жер көчкү түшүп, 1 үйдү болжол менен 6 адамды (күйөөсү, аялы, 4 баласы) кошуп басып калган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, үй Өмүрзак Эгеменкулов аттуу жаранга таандык. Учурда жер көчкү астында калган адамдардын жансыз денелери табыла элек. Жер көчкү жүрүү коркунучу дагы да сакталууда. Көчкү түшкөн адырдын арткы бетинде 1 турак жай бар. Азыркы учурда ошол үйдүн тургундарын коопсуз жайга көчүрүү жумуштары жүрүп жатат.
Кырсык болгон жерге ӨКМнын Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, ӨКМнын Мониторинг жүргүзүү божомолдоо департаментинин бөлүм башчысы, ӨКМнын Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын 35 куткаруучусу жана Кризистик кырдаалды башкаруу борборунун кызматкерлери чыгып кетти.