Бүгүн, 26-мартта саат 09:25 чамасында Кыргыз өлкөсүнүн түштүк аймагында жер титирөө болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, зилзаланын күчү очогунда 3,5 баллга жетти. Жер силкинүү Байбиче, Кара-Дөбө жана Жүлгүр калктуу конуштарда сезилди. Алдын ала маалыматтар боюнча, табигый кырсыктан улам кыйроолор жана жабыркагандар болгон жок.