ЖЫЛНААМА, 26-МАРТ: 190 жыл мурун атактуу композитор жана пианист Людвиг ван Бетховен көз жумган

Мындан 190 жыл мурун, 1827-жылы 26-мартта 56 жаш курагында атактуу немис композитору жана пианист Людвиг ван Бетховен Австриянын Вена шаарында каза болгон. Бетховенди акыркы сапарга узатуу үчүн 20 миңден ашык күйөрманы келген.

Композитор 1770-жылы 16-декабрда Германиянын Бонн шаарында төрөлгөн. Бетховенди атасы Моцарттай белгилүү музыкант болсун деп кыялданып, кичинесинен эле музыка менен алектенүүсүн талап кылган. Ал 4 жашынан баштап фортепиано менен скрипкада ойноп, убактысынын көп бөлүгүн музыкага арнаган. Өмүрүндө 9 симфония жана бир нече классикалык музыкаларды жараткан.

26 жашында угуусу начарлап, 31 жашында дүлөй болуп калган. Ошондо бала кездеги досуна: "Менин жашоом оор, себеби эл арасына кошулбай калганыма эки жылдын жүзү болду. Менин абалымды элге сөз менен жеткирүү мүмкүн эмес, анткени мен туңгуюктамын, эч нерсени укпайм, бирок сезем. Эгерде башка кесиптин ээси болсом да бир жөн эле. Менин укпагандыгым чыгармачылыгыма тоскоолдук жаратууда", - деп кат жазган. Ошол эле учурда 16 жашар ак сөөк кыз Жульетта Гвичардиге ашык болуп, акылынан адашкан сүйүүнүн азабын тарткан. Укпагандыгынын айынан жалгыздыкка ыктап, күндөлүгүндө өзүнө "сенин дүлөйлүгүң сыр болбошу керек, жадакалса искусство жаатында дагы…" деп жазганы бар. Анын белгилүү тогузунчу симфониясы дүлөй кезинде жазылган. 38 жашында пианист катары акыркы концертин берген.

26-мартка карата жылнаама.

Людвиг ван Бетховен. Симфония №9 (I)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан