Дайынсыз жоголгон Лидия Кошкарованын жансыз денеси табылды. Бир айдан кийин ал 5 жашка чыкмак

Ивановка айылына жакын жерден 4 жаш Лидия Кошкарованын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй ОИИБинен билдиришти.

Эскерте кетсек, 7-март күнү саат 07:00 чамасында Ивановка айылында 2012-жылы 26-апрелде туулган Лидия Кашкарова аттуу кичинекей кыз дайынсыз жоголгон. ӨКМнын №21-аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары кызды издөөгө чыгышкан, бирок табылган эмес. Ал эми 16-март күнү Ысык-Ата РИИБи Кылмыш-жаза кодексинин 123-беренеси (адам уурдоо) боюнча кылмыш ишин козгогон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Nevestkaa
2017-03-26 12:23:54
Иииии байкушум периште боюнча кетипсин го.Ушундай алсыз наристенин өмүрүн соолуткандарды кудайым жазаласын жакшылык не экенин көрбөй өтүшсүн.Апасына сабыр тилейм .
+22
Jako18
2017-03-26 12:41:49
Nevestkaa,туура айтасыз.
Жаш баланы аяшпаган кандай заманга туш келдик.
Жараткан үй-бүлөсүнө сабыр берсин
+8
surgeon777
2017-03-26 12:46:43
Байкуш балапан....Кудайым бейишине алсын наристени,ата-энесине сабыр берсин.
+10
mikoo
2017-03-26 13:39:13
Ангелочка)
+3
557
2017-03-26 15:25:53
Каяка баратабыз замандаштар. Бейкуноо наристе. Убалы урсун
+5
Rapas
2017-03-26 15:44:00
Кандай гана киши эмес жырткычтар бар ушундай арабызда. Э Аллах ыйман бере кор.
+4
luna.kg
2017-03-26 16:31:24
Толугураак маалыматын жазгылачы админ байке.
+8
isnur93
2017-03-27 02:53:13
luna.kg,менда ушуну айтайн дегем,кичине толугурак кылып жазгылачы,сураныч.
+1
Taku.14.02
2017-03-26 16:38:09
Киши колдубу же анга тушуп кеттиби же чалынып кокусунан жыгылдыбы ташка так малымат жок кимди согуп атасынар
+8
Revolyutsiya2
2017-03-26 20:16:39
Маалыматтар толук болсо.....
+4
Nevestkaa
2017-03-26 21:58:12
Revolyutsiya2,Кылмыш жана жаза кодексинин 123-беренеси(адам уурдоо)боюнча иш козголгон.Адам уурдагандарды сөгүп атабыз.
+2
Nevestkaa
2017-03-26 22:01:19
Revolyutsiya2, кечиресиз адаштым. Такu.12.04жаза
м деп сизге жазып алдым.үзүр.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан