Бүгүн, 27-март - Бүткүл дүйнөлүк театр күнү. Бул майрамды негиздөө тууралуу токтом 1961-жылы Париждеги Улуттук Театрдын ачылыш аземине байланыштуу Эл аралык театр институтунун IX конгрессинде кабыл алынган. Мына ошол күндөн бери дүйнө жүзүндөгү, анын ичинде Кыргыз мамлекетиндеги театрлар 27-мартты кесиптик өнөр майрамы катарында белгилеп келет. Театр күнүнүн девизи "Театр элдердин ортосундагы тынчтыкты бекемдөө каражаты".
Театр сөзү гректердин theatron (θέατρον) деген сөзүнөн келип чыккан, кыргызчага которгондо "көрө турган жер" дегенди билдирет. Театрда комедия жана трагедия жанрлары популярдуу, алардын символу болуп атайын театралдык маскалар эсептелет.
27-мартка карата жылнаама.