Бүгүн, 26-мартта Бишкектеги "Манас" кинотеатрында дүйнөлүк премьерасы Германиянын Берлин шаарында болуп өткөн, Актан Арым Кубат режиссёрлук кылган "Кентавр" тасмасынын улуттук премьерасы болуп өттү. Кечеге кыргыз элинин аттуу-баштуу маданий өкүлдөрү, белгилүү коомдук ишмерлер, Маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков, Жогорку Кеңештин депутаты Садык-Шер Нияз, актриса Жамал Сейдакматова, тартуучу топтун өкүлдөрү жана башкалар катышышты. Чыгармачыл топту тааныштыруу учурунда министр Түгөлбай Казаков сөз сүйлөп, тасма көрүүчүнү терең ойлонтуп, жоголуп бараткан баалуулуктарды эске саларын айтып өттү.
"Актан ат менен адамдын ортосундагы байланышты мыкты ачып берген. Бир кездеги "кыргыз кереметин" жараткан Төлөмүш Океев, Болот Шамшиев деген режиссёрлор болсо, экинчи кереметти баштаган - Актан Арым Кубат. Андыктан мындай адамдарды баалап, сыйлоо зарыл", - деп чыгармачылык ийгиликтерди каалады.
Ал эми режиссёр тасма, тартуу учуру тууралуу буларга токтоло кетти:
"Тасма түрдүү пикирлерди, ойлорду жаратат го деп ойлойм. Гректердин мифологиясындагы кентаврлар да кыргыздар деген ой кетет. Бүгүн биздин коом менин жеке оюмда, же адам эмес, же айбан эмес болуп жатат. Мындай ой жаман көргөнүмдөн эмес, күйгөнүмдөн, "Элим кайда баратасың?" дегенден улам жаралды. Тасма Көлдөгү Туура-Суу деген айылдан тартылды. Көрсө, Төлөмүш Океев да ошол айылдан болгон экен. Ал кишинин эмгектерин руханий байлык катары алып жүрүүгө аракет кылып жатпайбызбы, андыктан дал ошол режиссёр туулган жерден тасманы тартып жатканыбызды жакшы жөрөлгө катары эсептеп, тасмада анын "Кызыл алма" фильминен үзүндү көрсөттүк", - дейт Актан Арым Кубат.
Ал эми Кыргыз өлкөсүндөгү Франциянын ыйгарымдуу элчиси Микаэль РУ тасма таасирдүү тартылганын, француз-кыргыз эли мындан ары да мыкты тасмаларды жаратарын кошумчалай кетти.
Тасмадагы башкы каармандардын бири Зарема Асаналиева мындай дейт:
"Актан агай менен, профессионал чыгармачыл адамдар менен иштешүү мен үчүн чоң сыймык. Дудук аялдын ролун ойноо үчүн атайын дудуктардын мектебине 2 ай барып, алардын сүйлөө кыймылдарын үйрөндүм. Баары абдан жакшы болду, андыктан кыйынчылыктар жаралган жок", - дейт актриса.
"Кентавр" тасмасында өзүнүн улуттук түпкү салт-санаасын сактап калуу аракеттерин көргөн, жылкыны "ат - адамдын канаты" деп ыйык туткан, өз аты өчүп Кентавр атка конгон адам жөнүндө баяндалат. Ал сөз гректердин мифтеринде кездешет. Бирок анын татаал дүйнөсүн, ойлорун эч ким түшүнө бербегендиктен кыйынчылыктар жаралат.
Белгилей кетсек, тасма Кыргыз өлкөсү, Франция, Германия, Нидерланды жана Япониянын кино жаратуучулары менен биргеликте тартылган. Тасма 2015-жылы жай, күз мезгилдеринде Ысык-Көл облусундагы Туура-Суу деген айылда тартылган. Башкы ролдорду Актан Арым Кубат, Болот Тентимишов, Таалайкан Абазова, Илим Калмуратов, Зарема Асаналиева жаратышкан. "Кентавр" тасмасы 31-марттан тарта өлкөдөгү бардык кинотеатрларда көрсөтүлө баштайт.
Эске сала кетсек, жогоруда аталган тасмада дин маселеси да камтылгандыктан коомдо чуу жаралабы деген чочулоо пайда болуп жатканын режиссёр 22-мартта өткөн маалымат жыйында билдирген.