Кечээ, 26-мартта Ош шаарында ITF таэквондо боюнча шаардын ачык биринчилиги өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан бүгүн, 27-мартта кабарлашты.
Ага Ош облусунун жана Ош шаарынын спортчулары катышкан. Мелдештин ачылыш аземине Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасынын орун басары Улан Авазбеков, спортчулар жана спорт күйөрмандары катышты.
Таймашка 6 жаштан 18 жашка чейинки 150гө жакын спортчулар катышып, 21 салмак категория боюнча беттешишкен.
Жеңүүчүлөргө шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан мелдалдар, дипломдор жана баалуу белектер тапшырылганы маалым болду.
"Башкы калыс, машыктыруучу Фарух Садыковдун айтымында, мелдештин негизги максаты республикалык, эл аралык мелдештерге Ош шаарынан мыкты спортчуларды жана курама командаларды тандап алуу, спортту калк арасында пропагандалоо, аларды спорт менен машыгууга үндөө болуп эсептелет", - деп жазылат мэриянын маалыматында.