Кыргыз мушкери Акжол Сулайманбек уулу профессионалдык карьерасында алтынчы беттешин жеңди. 25-мартта Орусиянын Первоуральск шаарында бокс боюнча "Стальная битва 2" эл аралык мелдеши орун алды.
59 килограмм салмакка чейинки категорияда кыргыз мушкери орусиялык Александр Орабинский менен кез келди. 6 раунддун жыйынтыгында калыстар упайлар эсебинде Акжол Сулайманбек уулун жеңүүчү деп табышты.
Бул жеңиш Акжол Сулайманбек уулунун профессионалдык рингдеги алты беттештеги алтынчы жеңиши.