Орусиянын Москва шаарында 24-26-март аралыгында самбо боюнча “Мемориал А.Харлампиев” аталышындагы Дүйнө Кубогу болуп өттү. Анда кыргыз спортчулары 2 күмүш, 2 коло медаль жеңишти. Бул тууралуу орус басылмалары билдирет.
52 килограмм салмакта Руслан Жаныбек уулу жарым финалда үй ээси Андрей Кубарковго жеңилип, коло байге үчүн беттеште Беларусь спортчусу Виталий Сермяжкону жеңген.
74 килограмм салмакта Салмоорбек Мамбетжан уулу коло байге үчүн беттеште түркмөндүк Касым Популовдон күчтүү болгон.
68 килограмм салмакта кыргызстандык Артур Те финалда Владислав Саяпин бир упай артыкчылыгында жеңилип, күмүш медалга арзыды. Ошондой эле 82 килограмм салмакта Жамалбек Асылбек уулу өз салмагында 2-орунда жазылды.