ЖЫЛНААМА, 27-МАРТ: 49 жыл мурун тунгуч космонавт Юрий Гагарин авиакырсыктан каза болгон

Мындан 49 жыл мурун, 1968-жылы 27-мартта авиакырсыкта планетанын тунгуч космонавты Юрий Гагарин каза болгон. Ал күнү эртең менен саат 10:19 чамасында "МиГ-15" учагы абага 4200 метр бийиктикке көтөрүлгөн. Учакта Ю.Гагарин менен командир жана учкуч-инструктор Владимир Серёгин болгон. Абага көтөрүлгөндөн 11 мүнөттөн кийин Юрий Гагарин "тапшырма аткарылды, конууга уруксат бергиле" деп, артка кайткан. Бирок ошол замат жерди карай катуу ылдамдык менен келип урунган.

Учак кулагандан кийин дароо аскердик иликтөө башталып, аймак тосулуп, жашыруун иликтөө башталган. Көпчүлүк издөөчүлөр эмнени издеп жатканын билишкен да эмес. Аларга металл жана айнек сыныктарынын баарын чогулткула деген буйрук берилген. Иликтөөнүн жыйынтыгы биринчи жолу 1987-жылы жарык көрө баштаган. Анда "агрегаттар менен жабдыктар бузулган эмес", "өрт, жарылуу болгон эмес", "кыймылдаткыч иштеп турган", "ток жетиштүү болгон", "кычкылтек системи жайында болгон" деген аныктамалар көрсөтүлгөн.
Адистер учактын сыныктарынын 95 пайызын чогултушкан. Табылган бардык тетик кайра-кайра кылдат текшерилип, жыйынтык чыгарышкан. Мунун расмий түшүндүрмөсү: учак 300 метр булуттуу шартта айланмага кабылып, кырсыкка учурап, түздөнүүгө жетишпей, Новоселево айылына жакын жерде жерге келип урунган.
Айланадагы иштеп жаткан колхозчулардын айтымында, ошол бийиктикте "Су" учагы пайда болуп, ал дароо булутка кирип, өйдөгө көтөрүлүп кеткен. Кырсыкты изилдеген учкуч-космонавт Алексей Леоневдин пикиринде, "Су" учагынын капыстан пайда боло калышы Гагариндерди түйшүккө салып, натыйжада учактардын кагылышуусунан качуу аракетин көргөн космонавттар кырсыкка кабылышкан. Ал эми аэродромдун жетекчилиги "Су" 10-11 чакырым бийиктикте болгон дешет. Бирок алар "Су" учкучун ким башкарганын ачыкташкан эмес.
Генерал Кузнецовдун пикири боюнча, В.Серёгин акыркы учурларда бир аз ооруп жүргөн, учак айланмага кирип кеткенде анын абалы начарлап, өзүн жоготкон. Ал эми Ю.Гагарин анын өмүрүн сактап калам деп, тапшырманы шашылыш бүтүрүп, учакты кондурууга аракет жасаган.
Ошондой эле учкучтардын боорунан "коркуу гормону" табылган эмес. Демек, алар кырсыкка кабылганын билишкен эмес же эс-учун жоготуп коюшкан. В.Серёгиндин кабинасынын вентиляция краны жабык болгон, Ю.Гагариндики 48 градуска ачык болгон. Учкучтар кычкылтек маскасын пайдаланышкан эмес, кулап бараткан учакта герметтешпеген абал түзүлүп, учкучтарда гипоксия пайда болгон. Саатына 660-680 чакырым ылдамдык менен кулоодо аба басымы секундасына 9-14 миллиметр сымап мамычасы менен көбөйүп, аэродинамикалык соккуну пайда кылган. Натыйжада учкучтар эсин жоготуп койгон.
Муну менен катар эле кырсыктын башка жактары да ачылган. Мамлекеттик коопсуздук комитетинин офицери Вениамин Русяевдин айтымында, Ю.Гагаринди "жок кылуу планы" бир жыл мурда башталган. 1967-жылы апрелде "Союз-1" кемеси космоско учмак. Анда Владимир Комаров учуп, ал эми Ю.Гагарин ага дублёр болмок. В.Комаров В.Русяевди конокко чакырып, узатып жатып "мен космостон кайтып келбейм" деген. В.Русяев "анда учпай эле койбойсуңбу?" десе, ал "анда Ю.Гагарин жок болуш керек болот" деп ыйлаган экен.
Ю.Гагаринди үч жолу автокырсыкка кабылтуу аракети көрүлгөн. Эки жолкусунда айдоочу бузулган жерлерди байкап калган, үчүнчүсүндө унаадан өрт чыккан, бирок анын Ю.Гагаринге зыяны тийген эмес.

27-мартка карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан