23-мартта Бишкекте болуп өткөн сулуулар сынагында Айзирек Мыктыбекова "Бишкек сулуусу-2017" наамынан баш тарткан. Андыктан бул наам Айзат Кадыровага ыйгарылган. Бул тууралуу сынактын уюштуруучусу Рыскүл Намазбекова билдирди.
Анын айтымында, алгач жеӊүүчү болуп тандалган, бирок ал жакында турмушка чыгып жаткандыгына байланыштуу наамдан жана башка белектерден баш тарткандыктан, андан кийинки орунду ээлеген Айзат Кадыровага "Бишкек сулуусу" наамы ыйгарылган.
"Калыстар жеӊүүчү деп тандаган кыз жеке себептерине байланыштуу өзү наамдан баш тартты. Андыктан кийинки орундагы кызга "Бишкек сулуусу" деген наам берилди. Эми ал эл аралык сулуулар сынагына катыша алат. Ага кеткен чыгымдын баарын биз каржылайбыз", - дейт Р. Намазбекова.
Белгилей кетсек, Айзат Кадырова 21 жашта, Бишкектеги жогорку окуу жайлардын биринде окуйт.