"Медиа-портал" бөлүмүндөгү жигиттердин бейтааныш сулуу кыздарды карындашындай жакшы көргөнүн чагылдырган клип "Заман" тобунун "Карындаш" ырынын клиби. Аталган топтун продюсери Канат Култаев клип тууралуу буларды билдирди:
"Бул чыгарма "Заман" тобунун алгачкы эмгеги. Ырдын сөзү топтогу Баяман аттуу жигитке таандык, аранжировкасын Эркин Мээрканов жазды. Идеясы болсо режиссёр Миша Емге таандык. Бийди Чубак деген жигит койду. Эмне үчүн башкы каармандын образын Айыма Айылчиева жаратты? Негизи башка талапкер кыздар бар болчу. Айыма топтун жигиттерине жаккандыктан, анын образы "Карындаш" деген ырга төп келгендиктен тандап алдык. Алгач макул болобу, болбойбу деп ойлодук. Айыма берилүү менен жакшы ойноп берди, андыктан ага да ыраазычылык билдире кетейин", - дейт К. Култаев.
Клип тартууга даярдык, бийди коюу, формаларын даярдоого көп убакыт кеткенин, ал эми тартуу процесси жалпы 10 күндө бүткөнүн продюсер кошумчалай кетти.
"Заман" тобунун "Карындаш" ырынын клибин бул жерден көрүӊүз.