Японияда мектеп окуучуларын кар көчкү басып калды. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта чет элдик маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда окуя Япониянын Насу шаарында болгон. Анда мектеп окуучулары инструктордун коштоосунда тоого жана аскага чыгууну үйрөнүп жатышкан. Ошол жерде жалпы 52 окуучу жана 11 мугалим болгон. Капысынан жүргөн кар көчкү 8 окуучунун өмүрүн алып кеткен. Ошондой эле 37 адам жабыркап, алардын экөө оор абалда.