Бишкекте 24-26-март аралыгында стол тенниси боюнча өлкө биринчилиги жыйынтыкталды. Мелдешке Бишкек, Ош шаарлары жана Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынан келген 100дөн ашык спортчулар катышты. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдиргендей, жекелик жана командалык эсепте жеңүүчүлөр аныкталды.
Командалык эсепте эркектер арасында Бишкек шаарынын командасы (Алишер Якупбаев, Талгат Сагындыков, Адилет Сатыбалдиев) 1-орунду алды. Кыз-келиндер арасында Жылдыз Аязбекова, Нуркыз Аязбекова, Элина Модубашова деген оюнчуларды түзгөн Бишкек командасы жеңүүчү табылды.
Жекеликте эркектер арасында Алишер Якупбаев жеңүүчү болсо, кыз-келиндер арасында Элина Модубашова 1-орунду камсыздады.