ЖЫЛНААМА, 28-МАРТ: Өзгөчө стилдүү америкалык ырчы Леди Гага 31 жашка чыкты

Белгилүү америкалык ырчы, музыкант, обончу, "Грэмми" сыйлыгынын 5 жолку ээси Леди Гага 31 жашка толду. Ал 1986-жылы 28-мартта АКШнын Йонкерс шаарында туулган. Ырчынын толук аты-жөнү - Стефани Жоанн Анжелина Жерманотта. Анжелинанын музыкага болгон сүйүүсү кичинекей кезинде эле байкалган. Себеби атасы да кайсы бир ансамблдин ырчысы болгон. Бирок атасынын кошумча иши болгондуктан, музыканы хоббисиндей эле кабыл алчу. Атасы үйүнө Дэвид Боуи, Мадонна, Майкл Жексон сыяктуу аттуу-баштуу ырчылардын ырларын алып келип койгондо, Анжелина кунт коюп укчу. Маалыматтар боюнча, ырчы 4 жашында фортепианодо өз алдынча ойноп, атасын таң калтырган. Ата-энеси кызынын музыкага болгон кызыгуусун байкап, атайын музыкалык багыттагы мектепке беришкен.

Мектепти аяктап, Нью-Йорк шаарындагы Нью-Йорк университетинин искусство бөлүмүнө тапшырган. Студент кезинде ата-энесинен жардам албай өз алдынча акча табуу жолун издейт. Ошентип шаардагы түнкү клубдардын биринде официант болуп иштей баштайт. Бул жумушу жөнүндө ата-энеси көпкө чейин билген эмес. Бирок бир күнү атасы кызынын түнкү клубда жарым жылаңач бийлеп, элдин көңүлүн ачып жатканына күбө болуп калат. Ошондо Анжелина атасына "бул менин жашоом, өзүм билгендей жашайм" деп коёт.
Көп өтпөй баңги­затын колдоно баштайт. Ал абалдан чыгуусуна атасынын карындашы Жоаннанын өлүмү себеп болгон. Эжеси 19 жаш курагында дүйнө салган.
Леди Гага 2006-жылы Фьюзари Робби аттуу продюсер менен таанышып, чогуу иштешип калат. Роби Анжелинага сахнага өз ысымы менен эмес, Леди Гага деген лакап ат менен чыгууну сунуштаган. 2008-жылы сары чачтуу саркеч кыздын талантын, өзгөчө стилин Голливуддун супер жылдыздары Ферги, Бритни Спирс, Мадонна сыяктуу ырчылар баалап, ыр жазып берүүнү өтүнүшөт. Гага мындан баш тарткан эмес. Ошентип Леди Гага атактуулукка жетип, "Just Dance", "Poker Face" жана башка көптөгөн хит ырларды жараткан.
Жеке жашоосу
Л.Гага 2005-жылдан 2008-жылга чейин музыкант Люк Карл менен сүйүү мамилесин курган. Ал эми 2009-2010-жылдары Мэтью Уильямс аттуу креативдүү директор менен жакын мамиледе болгон. 2015-жылдын 14-февраль - Сүйүү күнүндө Леди Гага 33 жаштагы сүйүктүүсү, 4 жылдан бери сүйлөшүп жүргөн актёр Тейлор Киннинин үйлөнүү тууралуу сунушуна макул болгон. Бирок 2016-жылы жайында, үлпөт тою боло электе эле ырчы сүйүктүүсү менен сүйлөшпөй калгандыгын жар салган.

28-мартка карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kamchatka
2017-03-28 12:13:37
Бар немесин корсотуптурго аласы эле калыптыр коргозбогон!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан