Кадамжай районунда жол кырсыгына кабылган аскер кызматкерлеринин бешөөнүн абалы оор

Кадамжай районунда жол кырсыгына кабылган аскер кызматкерлеринин бешөөнүн абалы оор. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кадамжай райондук ооруканасынын башчысы Эркин Аппазов билдирди.

Анын айтымында, жалпысынан 29 адам ооруканага жаткырылган.

"Азыркы тапта бешөөнүн абалы оор. Бирөөсүнө операция жасалды. Жабыркагандардын көбү башынан, колунан жаракат алышкан", - деди Аппазов.

Айта кетсек, кечээ, 27-март күнү Кадамжай районунда аскер кызматкерлери бараткан унаа жол кырсыгына кабылган. Анда унаанын тормозу кармабай жол четиндеги жаңы курулуп жаткан турак үйдү сүзүп алган. Анын кесепетинен 29 адам жабыркаган. Аскер кызматкерлери Оштон Баткен облусуна машыгуу үчүн баратышкан.

Үстүбүздөгү жылдын февраль айында ушул эле жерде жол кырсыгы катталып, күйүүчү май ташыган унаа турак үйдү сүзүп, оодарылып калган. Жергиликтүү жашоочулардын айтымында, Оштон келе жатканда Кадамжайга бурулган жер аябай кооптуу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Alixan-Nookat.2015
2017-03-28 09:45:42
Батыраак айыгып кетсин!
+8
adimyrza
2017-03-28 09:54:46
Аллахым шыпаасын берсин
+4
kamchatka
2017-03-28 10:24:18
Ал жерде учунчу жолу кырсык болуп жатат менин билишимче же окмот тараптан конул бурулбады же ошол уйдун ээси ошол жерге уй салганын токтотбоду!
+4
Medina87
2017-03-28 10:27:09
Оштон келе жатып Кадамжайга бурулган жер аябай кооптуу ....
Демек, айдоочулар(шофёрлор)
конулго алуучу жагдай. Анткени; ЖУРГУНЧУЛОРДУН ТАГДЫРЫ АНЫН КОЛУНДА!!!
+1
benzema4
2017-03-28 10:38:40
Учунчу жолу эмес акыркы эки айда учунчу жолу болду бул жерде коп болгон кудай сактасын аман болушсун айыгып кетишсин жоготуу болбосо экен
+3
nurbekasr
2017-03-28 12:26:42
Ошол жерге формула1 декидей кылып жарактан чыккан шиналардан тизип коюш керек да,эмнеси болсо да женилирээк тийип бурулуп кетет.Кооп кылып калын бетонго кабат кабат тизип койсо анча да эч нерсе болушбайт эле мынчалык.Айла жок болсо ошентип көрүшсө.
+1
cfif03748
2017-03-28 16:05:51
nurbekasr,Туура айтасын.айла кетсе ошентуу керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан