Мексикада учак селфи сүрөткө түшүп жаткан эки кызды сүзүп кетти. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда окуя 25-март күнү Чиуауа штатында аэропорттогу учуп-конуучу тилкеге жакын жерде болгон. Анда 17 жана 18 жаштагы эки кыз тилкеге катарлаш жайгашкан сарайдын ичиндеги арабанын үстүндө селфи сүрөткө түшүп жатышкан. Ошол маалда абага көтөрүлгөнү жаткан учактын канаты алардын башына тийген. Анын кесепетинен экөө тең каза болгон.