Кыргыз жеринде экинчи ирет "Карек" аттуу республикалык балдар кинофестивалы жарыяланды. Фестивалга 7 жаштан 17 жашка чейинки жаш балдар, өспүрүмдөр катыша алышат. Максаты - бул чөйрөдөгү болочок адискөй чеберлерди эртелеп аныктап, аларга туура багыт берүү. Бул тууралуу SUPER.KG`ге бүгүн, 28-мартта аталган фестивалдын жетекчиси жана негиздөөчүсү Толкун Дайырбекова билдирди.
"Кинофестивалга кинематографияга кызыккан мектеп окуучулардын бардыгы катыша алат. Ал үчүн каалаган камерага, планшетке же телефонго 10 мүнөткө чейинки кыска метраждуу кино тартуусу керек. Тасмалар mov, mp4, m4v, mpeg форматтардын биринде болуп, түрдүү жанрда (комедия, мелодрама, драма, триллер, боевик, фантастика, анимация, документалдык жана башка) тартууга уруксат берилет.
Бул жылы да өткөн жылдагы кинофестивалдын темасындай "Бул менин дүйнөм" деп аталат. Аталган тема бүгүнкү күндө абдан актуалдуу болгондуктан жана өткөн жылы көптөгөн катышуучулар эмгектерин тапшыра албай калгандыктан ушул эле теманы калтырууну туура көрдүк. Мындай тема чоңдорго балдардын жана өспүрүмдөрдүн ички дүйнөсүн жакшыраак таанып билүүгө өбөлгө түзөт", - дейт Т. Дайырбекова.
Сынакта 9 номинация бар. Алар: мыкты көркөм тасма, мыкты анимациялык тасма, мыкты документалдык тасма, мыкты режиссёр, мыкты оператор, мыкты сценарист, мыкты монтажёр, мыкты жеткинчек актёр, мыкты жеткинчек актриса. Катышуучулардын тасмалары 2017-жылдын 15-сентябрына чейин кабыл алынат. Ал эми сыйлык тапшыруу аземи 2017-жылдын 10-октябрында өткөрүлөт.