КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкинанын Санкт-Петербург шаарында өткөн жыйында сүйлөгөн сөзү, Крым боюнча билдирүүсү учурда талкууга алынып жатат. Жогорку Кеңештин депутатынын билдирүүлөрүн саясий эксперт Элмира Ногойбаева болбогон сөз деп баалады.
Бүгүн, 28-мартта SUPER.KG порталына саясий эксперт эл өкүлүнүн жүрүш-турушу КСДП партиясынын атына дагы таасирин тийгизерин белгиледи.
"Депутаттын Крым биздики деген сүрөтү, Орусияда сүйлөгөн сөзү нонсенс (тантыктык, болбогон сөз). Ал биздин мамлекетти, өлкөбүздүн суверенитетин сыйлабагандык. Башкысы коомчулуктун ой-пикирин көңүл сыртында калтырып жатат. Жүрүш-турушу менен биринчиден чабал болуп жаткан өзүнүн партиясына көлөкө түшүрүп жатат" деди Элмира Ногойбаева.
Саясий серепчи Марат Казакбаев Жогорку Кеңештин депутаттарынын Крымга барышы туура эмес деп билдирди.
"Крымда болуп жаткан чыр-чатактар белгилүү. Эл аралык юридикалык конвенцияга ылайык, коомчулук "Крым Украинага таандык, Орусия аны референдум өткөрүп, ээлеп алган" деп билет. Украинанын элчиси нааразылык билдирди. "Эмне үчүн Крымга барасыңар, эмнеге өлкө башчысынан чакыруу албайсыңар?" деп туура айтты. КСДПнын депутаттары саясий жагын түшүнүп, барбай коюшу керек эле", - деди Казакбаев.
Ал эми саясий серепчи Токтогул Какчекеев Крым эли өз каалоосу менен Орусиянын курамына киргенин белгилеп, депутаттар ал жакка Орусия менен кызматташтык кызыкчылыгы үчүн барышканын айтты.
"Крым бул эгемендүү мамлекет. Булар Бириккен Улуттар Уюмунун жобосунун негизинде элдин каалоосу менен өздөрүнүн эгемендүүлүгүн жарыялаган. Андан кийин ошол эле жобонун негизинде тарыхый орусиялык карым-катнашынын жана анын карамагында тургандыгын эстеп алар өзүнүн чечимин чыгарып Орусиянын курамына кирген. Демек, бул маселе эл аралык мыйзамдын негизинде ишке ашып, бүгүнкү күндө Крым Орусиянын чөлкөмү болуп калган. Биздин депутаттар Орусия менен стратегиялык карым-катнаш жана алакабыз бар болгону үчүн, эл аралык кызыкчылыгыбыз үчүн барышты. Украина Крым Орусияга өтүп кетишин танып келет, ошондуктан Кыргыз ТИМине нааразылыгын билдиришти", - деди Какчекеев.
Айта кетсек, депутат Ирина Карамушкина интернеттеги баракчасына Крымда түшкөн сүрөтүн илип, "эгерде 1945-жылдагы Ялта конференциясы согуш башталганга чейин өткөндө, Ливадияда лидерлер дароо сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөндө фашизмдин миллиондогон курмандыктары болмок эмес. Согушту өз убагында токтотуу зарыл. Дүйнөнү достук менен сүйүү гана сактап кала алат. Кыргыз депутаттары Крымда болушту. Демек, Крым - биздики дагы" деп жазган.
Бул боюнча 27-мартта Украинанын Кыргыз Республикасындагы элчиси Микола Дорошенко Кыргыз өлкөсүнүн тышкы иштер министрлигине нааразылык нотасын жөнөткөн. Ал өз билдирүүсүндө Карамушкинанын сүрөтүн көргөнүн белгилеп: "Адамгерчилик жактан алып караганда бул учур мени капалантат. Өздөрүнүн Крымга болгон сапарын депутаттар тынчтык, достук деп түшүндүрүшөт.Орусия өз аскерлерин Украинанын бардык аймактарынан алып чыгып кетмейинче, миллиарддаган чыгашаларды төлөп бермейинче, достук тууралуу сөз болушу мүмкүн эмес", - деген.
Депутаттардын Крымга барышы жана Украинанын элчисинин нааразылык нотасы боюнча КРнын тышкы иштер министрлиги комментарий берген жок.