Кыргыз шахматчылары Ташкентте жаштар арасында өтө турган Азия чемпиондугуна катышат

Кыргыз өлкөсүнүн шахматчылары 31-марттан 10-апрель аралыгында Ташкент шаарында жаштар арасында өтө турган Азия чемпиондугуна катышат. Өзбекстандын Шахмат федерациясы билдиргендей, спортчулар 6 жаш категорияга (8, 10, 12, 14, 16 жана 18 жаштагылар) бөлүнөт.

Маалым болгондой, аталган мелдешке 17 өлкөнүн спортчулары келиши күтүлүүдө. Кыргыз спортчулары менен катар Ооганстан, Кытай, Гонконг, Индия, Иран, Казакстан, Корея, Монголия, Сингапур, Шри-Ланка, Тажикстан, Түркмөнстан, БАЭ, Вьетнам жана үй ээлери күч сынашат. Өлкөбүздүн атынан 20дан ашык спортчу катышары күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, 2016-жылы Монголияда жаштар арасында өткөн Азия чемпиондугунда мекендешибиз Айжан Съездбекова 2-орунду алса, Султай Чыңгыз коло байге уткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dante
2017-03-28 15:50:09
Мени эмнеге айтбады
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан