Үч айда 126 өзгөчө кырдаал катталып, 61 адам каза болгон

Үч айда 126 өзгөчө кырдаал катталып, 61 адам каза болгон. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта ӨКМнын Кризистик абалды башкаруу борборунун башчысынын орун басары Азамат Мамбетов маалымат жыйыны учурунда билдирди.

"Өлкө аймагында жер көчкү, кар көчкүнүн активдешүүсү күтүлүүдө. Буга кардын нормадан көп жаашы себеп болууда. 3 ай ичинде 126 өзгөчө кырдаал катталган болсо, 93ү кар көчкү. Ошондой эле жыл башынан бери 14 жер көчкү болгон. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 70 пайызга көп", - дейт Мамбетов.

Айта кетсек, өлкө аймагында 10 миңден ашуун кооптуу аймактар бар. Алардын 4 миңден ашууну калк жашаган жерлерге жакын орун алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан