Ала-Бука районунда эски үйдүн дубалы урап, 3 жаштагы баланы басып калды

Ала-Бука районунда эски үйдүн дубалы урап, 3 жаштагы баланы басып калды. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта SUPER.KG порталына Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда окуя 26-март күнү саат 14:00 чамасында аталган райондун Ак-Коргон айылында болгон. Анда 1983-жылы туулган Кудретжан Хамзалиевге таандык эски үйдүн дубалы урап, ошол жерде ойноп жүргөн 2014-жылы туулган баланы басып калган. Анын кесепетинен 3 жаштагы бала Ала-Бука райондук ооруканасына жетпей каза болгон. Эски үй ашкана катары колдонулуп жүрүп, кийин бузулуп дубалы эле калган.

Азыркы тапта окуя Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмү тарабынан иликтенүүдө.

Айрым маалыматтарга караганда дубал басып калган бала Кудретжан Хамзалиевдин коңшусу болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Benazir08
2017-03-28 14:21:46
Каап бир эле ширин болуп чоңоюп аткан бала кете бериптир да. Эски дубалды көчүрүп коюшпайбы?! Сөзсүз бирөө өлүш керек анан иштейбиз. Карапайым эл деле жепжутаттар деле бирдейбиз кы дегенде иш кылып калабыз үстүртөн гана. Ошко караганда Бишкек тарапта өтө көп куураган дарактар кездешет. Аны да эч алып коюшпайт кашайып гана саргарыыып турат. Купкурук
+4
koshterek
2017-03-28 15:07:31
Al jerde ustalar ishtep atkan tushtonuugo kirip ketkende kulagan dubal
0
Kroxa
2017-03-28 22:50:12
Эски дубалды эмнеге алып салышкан эмес баланын ажылын кара..периште учуп кетти ата энесине сабыр...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан