КИНОЗАЛ: Эксклюзив! Сайкал Садыбакасованын алгачкы жеке концерти SUPER.KG порталында

Бүгүн, 29-мартта "Кинозал" бөлүмү ырчы Сайкал Садыбакасованын 2016-жылдын 1-декабрында болуп өткөн алгачкы жеке концерти менен толукталды. Ырчы чыгармачылыгынын 15 жылдыгына арналган концертке 3 ай даярданганын айтат.

"Алгачкы концертиме даярданууга бир топ убакыт кетти. Албетте, алгачкы болуп жаткандыктан артыкчылыктары, кемчиликтери да болот экен. Бул мен үчүн чоӊ сабак, тажрыйба болду. 2 сааттан ашык болгонуна карабай, көпчүлүк бат эле өтүп кетти деп жатышты. Жеке концерт болгондуктан өзүм ырдоону туура көрдүм. Убакыт тар болуп, кийген формаларды алмаштырууга жетишпей жаттым. Андыктан кээде конок ырчыларды ырдатып койсом болмок экен деп ойлодум", - дейт С. Садыбакасова.

Белгилей кетсек, ырчы концертинде Чолпонай, Нурлан Насип, Айжамал Кабылова, Гүлнара Калдарова менен чогуу ырдашкан. Ошондой эле казак ырчысы Индира Елемес өнөрүн тартуулаган.

Сайкал Садыбакасованын жеке концертин биринчилерден болуп бул жерден көрүӊүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан