Позитивдүү жашоо кечирүү, күлүп жүрүүнүн маанилүүлүгү Съездбек Искеналиевдин "Күлүп жаша" клибинде баяндалат. Ырчы клип тарбиялык мааниге ээ болгонун айтат.
"Акыркы кезде тарбиялык мааниге ээ чыгармаларды жаратууга ыктап калдым. "Күлүп жаша" клибинде жакшылык кылсаӊ жакындарыӊа, өзүӊө кайтып келет деген чакырык жасалат. Идеясы клиптин режиссёру Азамат Арыковго таандык. Мурунку клиптериме өзүм ой кошуп, каарман тандашып жүргөн болсом, бул ирет бардык жумушту Азамат өз колуна алды. Каармандарды тандоо, идеясы, тартуу иштеринин баарын өзү жүргүздү. Менин үй-бүлөмдөн бир гана кичинекей балам тартылды. Жалпы 10 күндө тартылып бүттү", - дейт С. Искеналиев.
Съездбек Искеналиевдин "Күлүп жаша" ырынын клибин бул жерден көрүӊүз.