Мальдив аралдарында өтүп жаткан волейбол боюнча Азия чемпиондугунда кыргыз волейболчулары финалга чыгышты. Бүгүн, 28-мартта өткөн оюнда Андрей Анкудиновдун шакирттери жарым финалда Непал менен кез келишкен.
Оюндун алгачкы партиясынан тарта мыкты ойногон кыргыз спортчулары 3 партияны тең жеңип чыгышты. Жыйынтыгында 3:0 эсеби катталды.
Эми 30-мартта волейболчуларыбыз финалдык оюнда Түркмөнстан командасы менен ойнойт. Белгилей кетсек, тайпалык оюнда кыргыз спортчулары түркмөндөргө жеңилип калышкан эле.