ЖЫЛНААМА, 29-МАРТ: 33 жыл мурун белгилүү обончу, аткаруучу, диктор Жолдубай Кайыпов киши колдуу болуп көз жумган

Мындан 33 жыл мурун, 1984-жылы 29-мартта белгилүү обончу, аткаруучу, диктор Жолдубай Кайыпов 37 жашында киши колдуу болуп каза тапкан.

Ж.Кайыповдун өлүмү тууралуу жубайы маалымат каражаттарынын бирине берген маегинде төмөндөгүчө айтып берген: "1984-жылдын 29-мартында Жолдубай менен кечки саат сегизде үйгө качан келери тууралуу сүйлөштүм. Ал айтты, "саат тогуз жарымда жаңылыктарды окуп коюп, балдарды цирктен алып үйгө барам. Сен мени үйдөн күтө бер" деп, күндөгүдөй эле тамак жасап күтүп отурам. Ана жок, мына жок. Саат эки болду, үч болду. Жолдубай жок. Эртең менен саат алтыда туруп алып Жолдубай менен ошол күнү жаңылыктарды окуган Светлана деген келиндин үйүнө бардым. Андан "Жолдубай качан кетти эле, өмүрүндө башка жакка калып калган күнү болгон жок эле, эмне болду?" десем, Светлана "жаңылыктарды окуп бүткөндөн кийин Жолдубай тамашаларды, анекдотторду айтып баарыбызды күлдүрүп отуруп, "ой, балдарыма кечиктим" деп шашып кетти эле" деди. Светлана экөөбүз үйүнөн чыгып алып милицияга телефон чалсак, Жолдубайдын киши колдуу болуп каза болгонун айтты. Эмне кыларымды билбей эсим ооду".

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Жолдубай Кайыпов 1946-жылы 11-августта Нарын облусундагы Ат-Башы районуна караштуу Жаңы-Күч айылында туулган. 1963-жылы Ысык-Көл айыл чарба техникумун, 1974-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтун бүтүргөн.
1963-1967-жылдары "Пограничник" колхозунда зоотехник, 1965-1973-жылдары Опера жана балет театрында солист, 1973-1984-жылдары Кыргыз мамлекеттик телерадиокомитетинде диктор болуп иштеген.
Жолдубай Кайыпов 1981-жылдан тартып жогорку категориядагы диктор болгон. Орто Азия жана Казакстан Республикаларынын ортосунда өткөрүлгөн "эң мыкты диктор" сынагынын жеңүүчүсү деп табылган. Көптөгөн телеберүүлөрдү, айрыкча "Ыр кесенин" ажарын ача алып барган. 70тей обондун автору. Ошону менен катар мыкты аткаруучу да болгон. Анын “Мекеним", “Атам менен энеме", "Көл үстүндө", "Жашчылык", "Алгачкы кадам", "Кел бийлейли, ырдайлы" жана башка ырлары элге кеңири белгилүү. 1985-жылы көзү өткөндөн кийин "Ырлар" аттуу ыр-обондор жыйнагы жарыкка чыккан. Улуу таланттын ысымы өзү туулуп-өскөн Жаңы-Күч айылындагы мектепке берилген. Залкар инсандын артында бир кызы, эки уулу калган.
29-мартка карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
nurbekasr
2017-03-29 10:17:34
Жакшы диктор жана ырчы киши эле.Ошол өлтүргөн мыкаачылардын аттары дале эсимде менин Кусейинов,Бейшекенов,Пашков дегендер болуш керек эле.
+1
grace
2017-03-29 12:34:19
Кандай жакшы кишилер өтүп кетти бул дүйнөдөн! Кудайым бейиштен орун берсин. Дагы да биздин элде ушундай таза инсандар жаралса кана.. .
+2
Kroxa
2017-03-29 20:55:05
Короалбастыктан келип чыкканын да айтышат бул олумду...
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан