"Менин ханышам" ("My Princess"), "Айрис" ("Iris"), "Бейишке барчу тепкичтер" ("Stairway to Heaven") деген түштүк кореялык сериалдарда башкы ролду жараткан актриса Ким Тхе Хи 37 жашка толду. Ал 1980-жылы 29-мартта Түштүк Кореянын Улсан деген шаарында жарык дүйнөгө келген.
Үй-бүлөдө үч бир туугандын ортончусу. Иниси Ли Ван да актёр. Ким кичинесинде аз сүйлөгөн, бирок өз иниси жана кошуна балдар менен көп мушташкан тентек кыз болгон. Мектепте жакшы окуп, жакшы бааларды гана алчу. Сулуу болгондуктан, балдар терезеге тизилип, аны бир көрүп алууга ашыгышкан. Мектепте аны Headbanger ("Head" - "баш", "banger" - "фейерверк") деп аташкан. Анткени ал түн ортосунда да сабак окуп, сабакка барганда үргүлөп уктай кетип, кайра бат эле ойгонуп, анан сабакка катыша баштачу. Окуу жайда окуп жүргөндө да Ким активдүү студенттердин катарын толуктаган. Актрисанын окутуучусу: "Мен өмүрүмдө мындай идеалдуу студентти көргөн эмесмин", - деп айткан.
Ким студенттик күндөрүнүн биринде метродо баратып бир дизайнердин көзүнө илинет. Ал киши Кимге модель болууну сунуштаган. Бул убакта Ким Тхе Хи келечектеги жолун тандай элек болчу. Ошондуктан сунушка оң жооп берип, модель болуп иштеп калат. Модель болуп жүрүп жарнама, кино чөйрөсүнө аралаша баштайт. 2000-жылдан тарта жарнамалык роликтерге тартыла баштаган. 2001-жылы алгачкы жолу “Акыркы белек” фильмине тартылган. Ушул тасма аркылуу бүткүл Кореяга таанылган.
"Экран", "Бейишке кеткен тепкичтер" жана "Менин инимдин үйүндөгү маселе" сыяктуу сериалдарда башкы ролду жаратып, актрисалык өнөрдү өркүндөтүп кетет. Сулуулугу жана престиждүү Сеул университетин бүтүргөндүгү анын атактуулугун арттырган. 2009-жылы Ли Бён Хон менен "Айрис" аттуу драмага тартылган. Корейлер аны сулуулугу үчүн "улуттун сулуулук мурасы" деп аташат.
Жеке жашоосу
2017-жылдын январь айында актриса 5 жылдан бери сүйлөшүп жүргөн жигитине, ырчы, актёр Рейнге турмушка чыккан.
29-мартка карата жылнаама.