Футбол боюнча Бразилия курама командасы алгачкылардан болуп 2018-жылы Орусияда өтө турган Дүйнө чемпиондугуна жолдомо алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдирет.
Тите машыктырган “Селесао” Түштүк Америка зонасынын тандап алуу оюндарында 14 оюндан 10 жолу жеңиш, 3 жолу тең чыгуу жана 1 жолу жеңилүүгө дуушар болушкан. Жыйынтыгында 33 упай менен мундиалдын финалдык баскычына жолдомо алышты.
Белгилей кетсек, Түштүк Америкадан жалпы 4 команда Дүйнө чемпиондугунун финалдык баскычына чыгышат, тайпада 5-орунду алган команда Океания чөлкөмүнүн командасы менен кез келет.