Фантастикалык тасмалардагы ролдору аркылуу атактуулукка жеткен франциялык жана америкалык актёр Кристофер Ламберт 60 жашка толду. Ал 1957-жылы 29-мартта АКШнын Нью-Йорк штатындагы Грeйт-Нек шаарында жарык дүйнөгө келген. 30 жылдык актёрлук карьерасында Кристофер Ламберт "Арлетт", "Эркюль жана Шерлок мафияга каршы" ("Эркюль и Шерлок против мафии"), "Эмне үчүн мен?" ("Почему я?"), "Чиркөө кызматкерин өлтүрүү" ("Убить священника") сыяктуу 60тан ашык тасмага тартылган. Ал эми актёрго болуп көрбөгөндөй атак алып келген "Тоолук" ("Горец") тасмасындагы өлбөс жоокер Коннор Маклауддун ролу болгон.