Спортко болгон сүйүүсү менен интернетте атактуу болгон лондондук түгөйлөр (фото)

Лондон шаарынын жашоочулары Саймеон Панда менен Шанель Браун интернет ааламында "мыкты машыккан түгөйлөр" деп аталышкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар бүгүн, 29-мартта жазып чыгышты.

Саймеон 30 жашта, боюнун узундугу 186 сантиметр болсо, салмагы 104 килограмм. Анын сүйүктүүсү Шанель 24 жашта, бою 165 сантиметр, салмагы 60 килограмм. Алар 2012-жылы таанышып, 2014-жылдан тарта кыз-жигит катары сүйлөшө башташкан. Экөөнүн жолугушуусу жеке жашоодо эле эмес, ишкердик жаатында да чоӊ өзгөрүүлөрдү алып келген. Фитнести сүйгөн түгөйлөр келишимдүү дене түзүлүшү аркылуу ийгиликтүү ишкердик жүргүзүп, бизнес-империя түзө алышкан.

Шанелдин Инстаграмдагы баракчасына катталгандардын саны 216 миӊден ашса, Саймеондуку 3 миллионго чукулдаган. "Мен 15 жашымда бардык өспүрүмдөрдөй арык бала болчумун. Андыктан спорт менен алектене баштадым, бирок алгачкы ташты (гиря) колго аларым менен фитнести сүйүп каларымды билген эмесмин", - дейт Саймеон.

Бара-бара анын сүйгөн хоббиси жаӊы кесипке айланган. 2013-жылы ал техникалык колдоо көрсөтүү боюнча иштеген тажатма жумушунан кол үзүп, өзү кызыккан жумуш менен алектене баштаган. Тагыраагы, фитнес-семинарларды өткөрүү, кардарларга кеӊеш берүү жана бодибилдинг боюнча калыстык кылууга киришкен.

Ал сүйүктүүсү Шанель сырткы сулуулугу ички дүйнөсүнө дал келгени менен арбап алганын айтып, экөө күн сайын спорт залда бир жарым сааттай машыгарын билдирген:

"Биз бири-бирибиз менен атаандашпайбыз, болгону ар бирибиз толук машыгуу керек экенибизди эскертип, көзөмөлдөп турабыз", - дешет түгөйлөр.

Алардын мамилесинде кызганычка орун жок экени, тескерисинче, бири-биринин жетишкендиктери менен сыймыктанары айтып келишет. Экөө теӊ социалдык тармактарга кызыктуу сүрөттөрүн жүктөп, күйөрмандары менен баарлашып турушат.

Түгөйлөр спорт менен машыгуу, туура тамактануу - узак жашоонун, бекем ден соолукта болуунун сыры экенин жайылтуу менен бирге жеке ишкердик менен да алектенишет. Жаштарга үлгү болгон Саймеон машыгуу залдары үчүн спорттук кийимдерди, аксессуарларды чыгарса, сүйүктүүсү Шанель чаптама кирпиктерди чыгаруу, машыгуу боюнча видеокурстарды даярдоо менен алектенет.

Шанель Браун машыгуу залында
Спортко болгон сүйүүсү менен интернетте атактуу болгон түгөйлөр
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Aitbek0101
2017-03-29 15:36:00
сулуу кыз экен аябай
+1
ekaterinburg
2017-03-29 16:05:18
Фигуралары "жинди" экен...Аттары да укмуш,Панда,Шанель)
-1
nur_zhoni
2017-03-29 20:39:25
Кыздын бир сааны менин кунажынымын санынан чон окшойт
0
Ronaldo.99
2017-03-30 01:00:57
Амбалдарго.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан