Өзгөн районунда жер көчкү алдында калган үй-бүлөнүн эки баласынын сөөгү табылды. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда жер көчкү басып калган жарандарды издөө иштери куткаруучулар тарабынан саат 13:30да башталып, саат 14:00дө 1 эркек баланын сөөгү чыгарылган. Ал эми экинчи баланын денесин казып чыгаруу иштери жүргүзүлүүдө. Маркумдардын өздүгү тактала элек.
Айта кетсек, 26-март күнү Ош облусунун Өзгөн районундагы Заргер айыл аймагынын Ничке-Сай айылындагы Топ-Жаңгак участкасында жер көчкү жүрүп, 4 турак үйдү басып калган. Ал үйлөрдүн биринде 1989-жылы туулган Өмүрзак Эгемкулов аялы жана 4 баласы менен бирге жашачу. Калган турак үйлөрдө эч ким жашачу эмес.
Издөө иштери жүрүп жатканда 3 жолу жер көчкөндүгүнө байланыштуу, маркумдардын туугандары менен сүйлөшүүлөр жүрүп, издөө иштери жер көчүп бүткөн соң уланмай болгон.