ЖЫЛНААМА, 29-МАРТ: Белгилүү советтик тасмаларды жараткан режиссёр жана актёр Станислав Говорухин 81 жашка толду

Советтик жана орусиялык кинорежиссёр, актёр Станислав Говорухин 81 жашка толду. Ал 1936-жылы 29-мартта Орусиянын Березники шаарында төрөлгөн. "Балдар" ("Пацаны"), "Алмашкан ашыктар-3" ("Любовь-морковь-3"), "9-рота", "Бүркүт жана решка" ("Орёл и решка") жана башка тасмаларда роль жараткан. Ал эми "Аялга бата бергиле" ("Благословите женщину"), "Ворошилов аткычы" ("Ворошиловский стрелок"), "Жолугушчу жерди өзгөртүүгө болбойт" ("Место встречи изменить нельзя") сыяктуу фильмдерге режиссёрлук кылган.

Жеке жашоосу

Режиссёр эки ирет үй-бүлө курган. Биринчи жубайы Юнона Караева менен баш кошкондон көп өтпөй ажырашып кеткен. Түгөйлөрдүн ортосунда Сергей аттуу уулу бар. Атасынын жолун жолдогон уулу 2011-жылы каза болгон. 1976-жылы С.Говорухин Галина аттуу монтаж жасап иштеген айымга баш кошкон.

29-мартка карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан