"Реал Мадрид" клубунун жана Испаниянын курама командасынын капитаны, коргоочу, Дүйнөнүн бир жолку (2010), Европанын эки жолку (2008, 2012) чемпиону Серхио Рамос 31 жашка толду. Ал 1986-жылы 30-мартта Испаниянын Камас шаарынын Севилья провинциясында төрөлгөн. Атасы жаш кезинде туулган жериндеги футболдук командада ойноп, бирок тизесинен жаракат алганына байланыштуу оюндан баш тартууга туура келген. Алардын үйү футболдук аянтчанын жанында болгондуктан, Серхио Рамостун балалыгы футбол ойноо менен өткөн. Мектепте окуп жүргөндө "Севилья" футболдук клубуна кирип, өзүнүн мыкты чеберчилигин көрсөтө алган. Ал эми 2005-жылы Рамос "Реал Мадрид" клубуна 27 миллион еврого сатылган. Акыркы жолу 2015-жылы аталган клуб менен футболчунун келишими 2020-жылга чейин узартылган. Ушул убакка чейин Рамос 500дөн ашык футболдук беттеште ойноп, 60тан көп гол киргизген. Белгилей кетсек, 2016-жылдагы анын бир жылдык маянасы 10 миллион еврону түзгөн.
Жеке жашоосу
2012-жылдан бери футболчу өзүнөн 8 жашка улуу журналист Пилар Рубио менен сүйүү мамилесинде. Сүйүшкөндөрдүн удаа төрөлгөн эки уулу бар.
30-мартка карата жылнаама.