Кара-Балта шаарында жергиликтүү тургун маңзат менен кармалды

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда Кара-Балта шаарынын 53 жаштагы И.В. аттуу тургуну маңзат менен кармалды. Өздүк кароо жүргүзгөн учурда жанынан кара-жашыл түстөгү, жапайы өсүүчү кара куурай табылган. Анын жалпы салмагы 880 граммды түзгөн.

"Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, Жайыл райондук ички иштер бөлүмү тергеп жатат. Азыркы тапта бул кылмышка тиешеси болгон башка кишилерди аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам иш-аракеттер жүрүүдө. Кармалган жаран Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп айтылат ИИМдин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан