2018-жылы Орусияда өтө турчу футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна тандоо турунда аргентиналык футболчулар чилиликтер менен беттешишкен. Оюндун жүрүшүндө Аргентинанын курамасында, "Барселона" клубунда ойногон Лионель Месси Марсело Ван Гассе аттуу калыстын апасына карата мазактоо сөздөрүн айткан. Эл аралык футбол федерациясы 28-мартта футболчуну 4 оюнга чыгарбоо чечимин кабыл алган.
Аргентинанын курамасы чемпиондукка катышуу үчүн дагы 4 оюн өткөрүп, жок дегенде экөөнү жеңиши керек. Бирок Месси ал оюндарга катыша албайт. Анын командасы Боливия менен ойноп, 0:2 эсебинде утулуп калганы, Мессисиз чемпиондуктун тандоо турунан чыгууга мүмкүнчүлүгү төмөн экенинен кабар берди.
Аргентина курамасы эми Уругвай, Венесуэла, Перу жана Эквадор менен беттешет. Орусияга алдыда турган 4 команда келүүгө укуктуу, ал эми 5-орундагы команда Океаниянын командасы менен ойноп, чемпиондукка катышууга мүмкүнчүлүк алат. Учурда алдынкы төрттүктө Бразилия (33 упай), Колумбия (24 упай), Уругвай (23 упай), Чили (23 упай), Аргентина 22 упай менен 5-орунда турат. Эквадор Аргентинадан 2 упайга артта.
2018-жылы өтө турчу чемпиондук Анхел ди Мария, Серхио Агуэро, Гонсало Игуаин жана Лионель Мессиге акыркы болушу мүмкүн. Себеби 2022-жылы өтө турган Дүйнө чемпиондугунун маалында алар 34-35 жаштарда болуп калышат.
Месси 4 оюнга катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылып эле калбастан, ага 10 миң франк (700 миңдей сом) айып салынган.
"Менин сөздөрүм калыстын дарегине айтылган эмес, мен жөн эле абага чыгара айтып койгом", - деген Месси.