Кыргызстандык теннисчи Ксения Палкина дүйнөлүк рейтингде 364-орундан 362-орунга көтөрүлдү

Кыргызстандык теннисчи айым Ксения Палкина дүйнөдөгү күчтүү спортчулардын катарынан 2 тепкичке көтөрүлүп, 362-орунга чыкты. Бул тууралуу Аялдардын теннис ассоциациясы (WTA) кабарлайт. Айтылгандай, Палкина мурда 364-орунда турчу. 2012-жылдын 6-майынан бери Ксения айым 19 упай топтогондугу белгилүү болду. Дагы бир кыргызстандык теннисчи Бермет Дуванаева 1 аптанын ичинде 677-орундан 692-орунга түшүп, анын дүйнөлүк көрсөткүчү төмөндөп кетти. Ал эми теннис боюнча дүйнөдө биринчи орунда америкалык Сирена Уильямс турат. Экинчи орунда орусиялык Мария Шарапова жана белорустук Виктория Азаренко келе жатат.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
uty
2013-05-06 20:58:45
куттуктоолор болсун
0
kgz93kg
2013-05-07 04:03:37
uty, rekord kylgan turbayvy)))))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан