Кечээ, 29-мартта Португалиянын Мадейра аэропортуна чыгаан футболчу Криштиану Роналдунун урматына анын ысымы ыйгарылып, бюсту орнотулган. Бирок буга көпчүлүгү каршы чыгып, каршылык иретинде петиция жарыялашкан. Учурда кол койгондордун саны 5 миӊден ашкан. Ал эми социалдык тармактарда футболчунун бюсту кызуу талкууга алынып, шылдыӊдоого кабылган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар бүгүн, 30-мартта жазып чыгышты.
Колдонуучулар бул ирет скульптура "Реалдын" чабуулчусуна окшобосун айтышып, тамашалуу фотоколлаждарды жүктөй башташкан.
"Коркунучтуу тасмалар үчүн идея" делген футболчунун сүрөттөрү
Блоггерлердин пикиринде, белгилүү футболчунун бюсту Роналдунун өзүнө эмес, тасмалардагы жана түрдүү мультфильмдеги каармандарга окшоп калган.
Күлкүлүү, жана үрөйдү учурган деген сүрөттөр
Белгилей кетсек, футболчу Португалиянын Мадейра аралындагы Фуншал шаарында төрөлгөн.